Төрөбаев: Кумшекердин баасын түшүрдүк

Төрөбаев: Кумшекердин баасын түшүрдүк

Жеңилдетилген баада сатылып жаткан кумшекерлер мурда 68 сомдон сатылып жатса, азыр 60 сомго түшүрдүк. Дүң баасында 78 сом болсо, 75 сомго түшүрдүк.  Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучусу Бакыт Төрөбаев парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Экинчиден өсүмдүк май боюнча айта кетсем, сырттан ташып келгендердин айрымдары доллар менен кээ бирлери рубль менен иштейт экен. Рубль менен иштегендерге эч нерсе дей албайбыз, ал эми доллар менен иштегендерге айттык. Сырьелор кымбаттап жатат, бирок, көзөмөлгө алдык. Түштүк тарапта чоң завод ишке киргизилди. Ал жерде 5 литрлик май 700 сомдон ашпайт дешти. Жакында Кантта дагы бир май завод ишке кирет.

Ун боюнча айта кетсе, учурда бааларды кармап турабыз. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда да буудайлар бар. Кошумча акча бөлүнүп, 12 миң тоннадай кумшекер, өсүмдүк майынан 5 миң тоннага жакын алыбыз”- деди Төрөбаев.

Ушул тапта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>