Трамптан Жапаровго чейин. Президенттер COVID-19ду кантип жок кылууну сунуш кылышты

Трамптан Жапаровго чейин. Президенттер COVID-19ду кантип жок кылууну сунуш кылышты

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров коронавирусту Ысык-Көлдүн тоолорунда өскөн «Уу-коргошун» менен дарылоону сунуш кылган. Коронавирусту дарылоодо «Уу-коргошундун» тамыры колдонулгандыгын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады. Бирок, Кыргыстандын башчысы коронавируска каршы дары чөптү жарыялаган өлкөнүн биринчи башчысы эмес.

Reporter.kg элдик медицинанын жардамы менен дарылоону сунуш кылган мамлекет башчыларынын билдирүүлөрүн тизмектеди.

— АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп коронавирусту «олеандр» гүлүнүн экстракты менен дарылоону сунуш кылган. Аталган гүлдү коронавируска каршы күрөшүү үчүн кошумча дары катары колдонсо болот. Ал тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлерин мындай чечимди карап чыгууга чакырган. Бирок, АКШнын дарыгерлери COVID-19 менен күрөшүүдө бул гүлдүн эффективдүүлүгүн көрсөткөн ишенимдүү фактылар жок экенин айтышкан, азырынча буга эч кандай жооп боло элек .

Ошондой эле Трамп коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дезинфекциялык каражаттар менен — ​​денеге сайып же өпкөсүн жууп тазалоону сунуш кылган. Доналддын логикасына ылайык, дезинфекциялоочу заттар бир нече мүнөттүн ичинде ар кандай вирусту жок кылышы мүмкүн экенин, алардын организмде кандайча иштээрин текшерип көрүүнү сунуш кылган.

— Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов COVID-19ту «солод» тамыры менен дарылоону сунуш кылды.

Түркмөнстандын мамлекет башчысы «солоддун» аз өлчөмү коронавирус инфекциясын жок кылууда жакшы натыйжа берерин айтты.

Ал ошондой эле коронавируска каршы «гармала» өсүмдүгүнүн түтүнү менен коргоону сунуштады. Анын айтымында, өсүмдүктүн түтүнү вирустун организмге киришине жол бербейт. Белгилей кетсек, расмий маалыматтарга караганда, Түркмөнстанда коронавирустук инфекция жуккан учур катталган эмес.

— Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина коронавирусту чөптөрдүн кайнатмасы менен дарылоону сунуш кылган.

Сөз Covid Organics кайнатмасы жөнүндө – бул дарынын аты эрмен сыяктуу эле жашыруун сакталат. Аталган кайнатманын бет ачары министрлердин, дипломаттардын жана илимпоздордун катышуусунда эле өткөн.

«Отвар» Малагасиянын Колдонмо Изилдөө Институтунда (IMRA) иштелип чыккан. Институттун башкы директору жусан иммундук системаны чыңдайт, ошондуктан суусундук биринчи кезекте коронавирус инфекциясын алдын алууга багытталган деген.

Мамлекет башчысы буга чейин эки адам «отвардын» жардамы менен COVID-19дан айыгып чыккандыгын айтты.

«Биз калкты коргоо максатында бул дарыны мүмкүн болушунча кеңири жайылткыбыз келет» Бизге буга чейин Канададан, АКШдан, Европадан биздин өнүмдү жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылып жатышат», — деди Андри Радзуэлина.

Ошол эле учурда, ЖМК бул кайнатма дары бир нече күндүн ичинде жаралгандыгын жана анын натыйжалуулугу кандай шарттарда сыналгандыгы белгисиз экендигин белгилешет.

— Беларуссиянын президенти коронавирус инфекциясын бал менен дарылоону сунуш кылды

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко балдын жардамы менен коронавирустан арылууга болот деп эсептейт. Мамлекет башчысынын айтымында, COVID-19 оорусун дарылоо үчүн балчычелекчилер келиши керек.

Буга чейин Беларуссиянын лидери эртең мененки, түшкү жана кечки тамакты убагында ичүүнү, ошондой эле мончого барып, алдын алуу максатында арак ичүүнү сунуш кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>