2019 -жылы транспорт жана жол министрлигине 36 жаңы кызматкер келип, 35 жумушчу бошотулган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Борбордук аппаратка 27 жаңы кызматкер дайындалып, кайра 27 жумушчу кызматынан бошотулган. Ведомстволук бөлүмгө 9 кызматкер жумушка алынып, 8 — жумушчу кызмат ордунан бошотулган.
«2019 — жылы 12 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинен, 8 эскертүү алынган», — деп жазылат маалыматта.
Транспорт министрлигинин кызматкерлеринин айлык акысынын орточо суммасы 8 миң сомду түзөт.