«Три короны» пансионатында парашют аттракциону жабылды

«Три короны» пансионатында парашют аттракциону жабылды

Бүгүн, 20-июлда “Три короны” пансионатынын пляжынын жээгинде Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык миициясынын кызматкерлери парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факт Ысык-Көл РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, облустун аймагында парашюттарды колдонуу аттракциондоруна убактылуу тыюу салынган.

Мындай чечим, аймактагы эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген. Милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагындагы пляждарда чечимдин талаптарын бузуулардын алдын алуу жана коопсуздукту камсыздоо максатында аталган тыюунун сакталышын көзөмөлдөөнү жана текшерүүлөрдү улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>