Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү болуп дайындалды

Марат Тагаев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аны өкүлчүлүккө дайындоо чечими тиешелүү жобого жана ТҮРКСОЙ уюмунун иштөө принциптери жөнүндө келишимдин 4-беренесине ылайык кабыл алынган.
Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган.
32 жаштагы Марат Тагаев маданият министринин орун басары кызматында 2023-жылдын февраль айынан тарта иштеп келе жаткан.
Маалымат үчүн: ТҮРКСОЙ — түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм. Анын башкы катчысы – кыргыз жазуучусу жана коомдук ишмер Султан Раев.