Жууку ашуусунда көчкөн мөңгүнүн кесепети айтылды (видео)

Жууку ашуусунда көчкөн мөңгүнүн кесепети айтылды (видео)

Ысык-Көл облусундагы Жууку ашуусунда көчкөн мөңгүнүн кесепетинен 1 көпүрө жараксыз абалга келген. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Маалыматка караганда, 10-июль күнү саат 18:00 чамаларында ӨКМдин ыкчам нөөмөтү тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнө тактоо иретинде, Жети-Өгүз районуна караштуу “Жууку” ашуусунда мөңгү көчкөндүгү тууралуу маалымат берилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 8-июлда болгон. Жерине 10-июль күнү кечки саат 19:00 чамаларында 5 адамдан турган райондук ыкчам топ Жети-Өгүз району боюнча ӨКБдөн 2 офицер, райондун жайыт комитетинен 3 адам тактоо иштерин жүргүзүп, 11-июлда саат 10:00 чамаларында кайра кайтып келишкен.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана каза тапкандар катталган жок. Бирок, мөңгү көчкөн учурду тасмага жана сүрөткө тарткан туристтердин бири бутунан жеӊил жаракат алып, ошол эле күнү “Кумтөр” ишканасынын дарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Аймакка барган Ыкчам топтун маалыматына караганда, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 млн 011 миң 500 метр кубду түзөт.

Түшкөн мөңгүнүн кесепетинен аталган тилкедеги мал айдап өтүүчү 1 көпүрө жараксыз абалга келген. Аталган тилкеден мал айдап өтүүгө жол ачык.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жууку

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>