Туу боюнча жаңы мыйзамды 3-мартта күчүнө киргизүү сунушталды

Туу боюнча жаңы мыйзамды 3-мартта күчүнө киргизүү сунушталды

Мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун желек кабыл алынган күнү күчүнө киргизүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Ал мыйзам долбоор кабыл алынып калса, аны 3-мартта (мамлекеттик туунун күнү) күчүнө киргизүү керектигин айтты.

Авторлордун бири Улан Примов президент кол койгон күнү ишке кирерин белгиледи.

Экинчи окууда депутат Мирлан Самыйкожо менен Жамиля Исаеванын сунуштары кабыл алынган жок.

«13-декабрга чейин, биринчи окуудан кийин 10 күндөн ичинде сунуштарды жөнөтүү керек болчу», — деп билдирди комитет төрайымы Чолпон Султанбекова.

Парламенттин беш фракциясынын өтүнүчү менен комитет мыйзам долбоорун 2-3-окууда жактырды.

“Тонуңду өзгөртүп сүйлө”. Тууну өзгөртүү боюнча талкууда депутаттар айтыша кетти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>