Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу кыйла жеңилдейт

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу кыйла жеңилдейт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге tunduk.kg электрондук мамлекеттик порталында “Туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу” кызмат көрсөтүүлөрүн тесттик режимде ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын “Үй-бүлө” бөлүмүндөгү жаңы сервис порталдын ыйгарым укуктуу колдонуучулары-жаңы төрөлгөн баланын ата-энесине баланын туулгандыгын каттоого жана “Балага сүйүнчү” баланын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм алууга арыз берүүгө мүмкүндүк берет.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн «Балага сүйүнчү» жана мамлекеттик үлгүдөгү «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» алуу үчүн банк тандоо кызматы көрсөтүлөт. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөмдүн квитанциясын онлайн тапшыруу процессинде да алууга болот.

Тест учурунда төрөт үйлөрүнүн кызматкерлери жеринде туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк берүүнү жана жаңы төрөлгөн баланын ата-энесинин бирине электрондук кайрылуу үчүн автоматтык түрдө электрондук кол тамга берүүнү пландаштырууда.

Белгилей кетсек, учурда бул кызматтын толук кандуу иштеши үчүн бардык техникалык процесстер пилоттук режимде жана пилоттук режимдин мөөнөтүнө Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы төрөт үйлөрүндө кызмат көрсөтүүгө болот.

Келечекте тейлөөнүн ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында көрсөтүлгөн дарекке күбөлүктү жеткирүү кызматын ишке киргизүү пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталдыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>