Дүйнө чемпионаты: Эки балбан кыз көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт

Дүйнө чемпионаты: Эки балбан кыз көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт

Кыргызстандык эки балбан кыз Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт.

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө, 25-октябрда балбан кыздар арасында таймаштар башталган. Ал күнү Калмира Билимбек кызы (59 кг), Арууке Кадырбек кызы (55 кг) жана Гүлнура Таштанбекова (68 кг) килем үстүнө чыккан.

Калмира Билимбек кызы таймашты 1/8 финалдан баштап, алгачкы кармашында казакстандык атаандашын 13:2 эсебинде жеңген. Тилкекке каршы ал экинчи беттешинде жеңилүү ызасын тарткан. Бирок аны уткан балбан кыз финалга чыккандыктан, Калмира Билимбек кызы көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Ал эми Арууке Кадырбек кызы биринчи беттешинде япониялык спортчуга 0:4 эсебинде жеңилген. Бирок япониялык балбан кыз финалга чыккандыктан, Арууке Кадырбек кызы да көңүл жубатуучу беттеште күрөшө турган болду. Белгилей кетсек, көңүл жубатуучу беттеште жеңишке жеткен спортчу коло байге үчүн күч сынашат.

Ошондой эле, беттешти квалификациялык айлампадан баштаган Гүлнура Таштанбекова биринчи беттешинде казакстандык спортчуну жеңген. 1/8 финалда атаандашына жеңилген. Бирок аны уткан спортчу финалга чыга албай калгандыктан, Гүлнура Таштанбекова бул беттеште байгесиз кала турган болду.

Дүйнө чемпионаты (U-23): Эки балбан кыз биринчи атаандаштарын жеңди (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>