Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Тыгын. Айтматов проспектисинин Ахунбаев участогу ремонтко жабылды
25.09.2025 | 11:11

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдан Ахунбаев көчөсүнө чейинки жол тилкеси оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазууда.
Маалыматка караганда, жолдун эки тарабы тең оңдолуп жатат. Мурда ремонт иштери жүрүп жатканына карабастан, автоунаалар үчүн каттам ачык эле. Бирок бүгүн, алдын ала эскертүүсүз, аталган тилке толугу менен жабылып калды.
Бул күтүүсүз чара эртең мененки сааттарда узун тыгын жаратып, шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты. Айрыкча жумушка жана окууга шашкан жарандар үчүн бул абдан ыңгайсыз болду.
Азырынча жол канча убакытка жабылары жана каттам кайсы жолдор аркылуу айланып өтөрү тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом