Түлөбаев: “Пахтакор, жүн койгуч, кошоматчы”- деп чыгышты

Түлөбаев: “Пахтакор, жүн койгуч, кошоматчы”- деп чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында депутат Абдырахман Маматалиевдин кечээки билдирүүсүнөн кийин коомдун “тепкисинде” калганын билдирип чыкты.

Орозо айында баарыбыз чарчап атабыз. Регламент боюнча мыйзам өтө калың мыйзам. Кыркка жакын депутат өзүнүн сунушун бериптир, анын ичинен Түмөнбаев дагы, Түлөбаев дагы сунушун берген. Түмөнбаевди билбейм, мени “Анарадай эле болуп калдың, “мен Анара эмесмин”- дегендей эле болдуң. Пахтакор, жүн койгуч, кошоматчы” – деп, дегеле атабаган сөзү калган жок, таң атканга чейин… “Мен антип атаган жокмун” – дей баштадым. Аягында “нан урсун”- деп карганганга чейин бардым. Коом экен да, айла жок. Марлен Абдырахмановичти атайын айтты деп айта албайм… Эми кантип эле Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун уга албайт, ошол сөдөрдү кантип айтабыз? Биздин сунуш башка…”- деди.

Маматалиевдин талкууга алынган билдирүүсү “Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизип, министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды тиешелүү мыйзамдардан алып салууну сунуштады”- дегени болгон.  Кийин Түлөбаев бул сунушту бербегенин айтып чыккан болчу.

Түлөбаев парламентти «өкмөттүн» отчетун угуудан баш тартууну сунуштады

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>