Депутат Самыйкожо депутат Маматалиевди кечирим суроого чакырды

Депутат Самыйкожо депутат Маматалиевди кечирим суроого чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо өзүнүн кесиптеши Марлен Маматалиевди кечээки мыйзам долбоору каралып жаткан кезде жалган маалымат тараткандыгы үчүн кечирим суроого чакырды.

Кечээ регламент боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан кезде Марлен Маматалиев мыйзам долбоорун Балбак Түлөбаев сунуштады деди. Андан кийин кайра Түлөбаев эмес, Түмөнбаев экен деди. Экөө авалары болгону менен, атасы бөлөу, энеси бөлө бир туугандардан болушу мүмкүн. Бирок, Түлөбаев Балбак Зарлыкович башка адам, Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич башка адам. Ою дагы, боюу дагы, салмагы дагы башка, такыр башка адамдар булар. Ушуну кантип айырмалай албай калат, ушуну Марлен Абдырахманович укса жакшы болмок. Акылбек Тогузбаевичтин эч кандай сунушу жок болчу. Биз фракциядан дагы, топтон дагы карап атабыз. Бул боюнча депутаттардын алдына чыгып кечирип сурап коюшу керек” – деди.

Маматалиевдин талкууга алынган билдирүүсү “Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизип, министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды тиешелүү мыйзамдардан алып салууну сунуштады”- дегени болгон.  Кийин Түлөбаев бул сунушту бербегенин айтып чыккан болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>