Түн ката Билим берүү министрлигине уурулар кирди. Шектүүлөр кармалды

Түн ката Билим берүү министрлигине уурулар кирди. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте министрликтердин биринин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракеттенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-августка караган түнү министрликтердин биринде кезметте турган милиционер Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө телефон чалып, имараттын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөнүн билдирген.

Маалымат түшөрү менен аталган мекемеге кармоо тобу жөнөтүлгөн.

Маалым болгондой, күзөт кызматкерлери шектүүлөрдү «Мерседес-Бенц» унаасы менен кетип бара жаткан жеринен токтотушкан. Унаанын жүк салган бөлүгүнөн министрликтен уурдалган чоюн батареялар табылган. Шектүү катары 50 жаштагы Р.Г., 32 жаштагы А.А., 33 жаштагы Т.В. жана 51 жаштагы Ш.М. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, милиция тарабынан кармалгандар Билим берүү жана илим министрлигине уурулукка кирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>