Ысык-Көлдөгү өкүлдүн аппараты селден жабыркагандарга 1 күндүк маянасын которот

Ысык-Көлдөгү өкүлдүн аппараты селден жабыркагандарга 1 күндүк маянасын которот

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты бир күндүк айлык маянасын селден жабыркаган Түп районунун тургундарына которот. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Мындай чечим бүгүн, 10-августта кесиптик бирикменин отурумунда кабыл алынды.

Белгилүү болгнодой, август айынын башында Ысык-Көлдүн Түп районунун Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында селдин кесепетинен тургундардын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.

«Учурда куткаруучулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо иштери толугу менен аткарылды. ƟКМдин жана жарандык коргонуу кызматтарынан бөлүнгөн инженердик техникалары арык-каналдарды, селден агып келген кум шагылдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Селден жабыркаган Түп районунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн эсептер:

БИК — 440405 эсеп – 4404051102000719

Накталай банктар аркылуу которуулар үчүн:

БИК – 440001 эсеп – 4404051102000719 төлөө коду 14411100

Түптөгү селдин кесепеттери — сүрөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>