Кыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырдыЖапониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгышты
Түндө Жалал-Абадда жер титирөө катталды
26.11.2021 | 09:37
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сеймология институнун берген маалыматына ылайык 2021-жылдын 26-ноябрь күнү саат 01:40та Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Токтогул районуна караштуу Жетиген, Чалдыбар, Өзгөрүш айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом