Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Тыныбекова: Мен атымдан алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүшүүдө
15.09.2021 | 15:47
Токио Олимпиадасындагы күмүш байгенин ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кайрылып, анын атынан фейк баракча ачылып,
алдамчылык кылып жаткандар бар экенин эскертти.


“Урматтуу достор!
Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм.
Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат.
Жалпы катталуучуларымдан скриншоттордо көрсөтүлгөн баракчага кирип “Пожаловаться” баскычын басып коюуну суранам”,- деп кайрылуу жасаган Тыныбекова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом