Тыныбекова: Олимпиаданын жылышы жеке максаттарыма таасирин тийгизди – видео

Тыныбекова: Олимпиаданын жылышы жеке максаттарыма таасирин тийгизди – видео

Кыргызстандык балбан, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча  дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн 27 жашка чыкты.

Ал 1993-жылы 4-майда дарыгердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

15 жылдан ашык убакыттан бери эркин күрөш менен машыгып келген Тыныбекова Азия биринчилигинде төрт жолу алтын медаль уткан.

2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль алган.

Мындан башка эл аралык мелдештерде көптөгөн күмүш жана коло медалдарды тагынган.

Балбан кыз бир нече күн мурун биздин редакцияга келип, Олимпиада оюндарынынын жылып кетиши, карантин учурунда өткөргөн убактысы жана үй шартында кантип машыгып жатканы тууралуу кенен маек куруп кеткен эле.

Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, мелдешке кызуу даярданып жаткан Айсулуу Тыныбековага мелдештин жылып кетишин угуу жеңил болгон эмес.

Олимп оюндарынын жылып кетиши,  жашоосунун баары спортко байланган балбан кыздын жеке максаттарына да таасирин тийгизген.

Айсулуу Тыныбекова менен болгон маекти төмөндөгү видео материалдан толугу менен көрө аласыздар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>