Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
4 адам жабыркаган… Александровкадагы жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды
04.05.2020 | 14:39
Чүй облусунун Александровка айылында болгон жол кырсыгынан 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Саат 12:00 чамасында Газ-53 унаасын 24 жаштагы айдоочу чыгыштан батышты көздөй башкарып баратып, Дэу-Нубира унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 33 жаштагы айдоочусу жана унаадагы үч жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча Москва райондук милициясы териштирүү иштерин баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар