Ысык-Көлдө мал кайтарып кетип дайынсыз болгон адам табылды

Ысык-Көлдө мал кайтарып кетип дайынсыз болгон адам табылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда бир нече күн дайынсыз болгон малчы табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кичи-Өрүктү айылынын 46 жаштагы Б.К. аттуу тургуну Балбай айыл аймагына караштуу Төлөн коктусунда 27-июнунда мал кайтарганы кетип, байланышка чыккан эмес.

2-июлда туугандары өз алдынча издөөдөн жыйынтык чыкпагандыктан, ӨКМге 3-июлда туугандары кайрылышкан.

Издеп-куткаруу үчүн ыкчам түрдө Түп райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу, РИИБден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам аттары менен тартылган.

Жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөөнүн натыйжасында малчы канааттандыраарлык абалда табылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>