Дүйнөдөгү эң бай адам аныкталды

Дүйнөдөгү эң бай адам аныкталды

Америкалык миллиардер Илон Маск кайрадан дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башына чыкты.  Бизнесмен кайрадан Bloomberg агенттигинин тизмесинде биринчи орунду ээледи.

Басылманын маалыматы боюнча, Tesla жана Space X компанияларынын негиздөөчүсү биринчи жарым жылдыкта байлыгын дээрлик 100 миллиард долларга көбөйткөн: алты айдын ичинде ал өз капиталын 234 миллиард долларга көбөйткөн.

Агенттиктин белгилешинче, июль айында Tesla акциялары 6,9 пайызга кымбаттап, ишкерге дагы 13 миллиард доллар киреше алып келген.

Экинчи орунда LVMH компаниясынын ээси Бернард Арно 200 миллиард доллар менен, ал эми америкалык ишкер жана Amazon.com сайтынын негиздөөчүсү Джефф Безос 154 миллиард доллар капиталы менен рейтингде үчүнчү орунду ээледи.

Киреше боюнча Масктан кийин Meta Platforms компаниясынын ээси Марк Цукерберг турат — июнь айына карата анын байлыгы 58,9 миллиард долларга өсүп, азыр 104 миллиард долларды түзөт. Цукерберг дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 9-орунда турат.

Elon Musk arrives at the In America: An Anthology of Fashion themed Met Gala at the Metropolitan Museum of Art in New York City, New York, U.S., May 2, 2022. REUTERS/Andrew Kelly

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>