Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
Түптө малканада баңгизат өндүрүп Бишкекке жеткирип турушкан
05.01.2024 | 16:55
Түп шаарында атайын лабораторияда баңгизат өндүрүлүп, Бишкекке жеткирилип турган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көлдөн ордо калаага келген гашиш жана марихуананын изи аныкталып, ноябрь айында Алүмүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан иш козголгон.
Кылмышка шектелип, 3-январь күнү 1978-жылы туулган Б.А.Н. жана 2000-жылы туулган Л.Н.В. кармалды.
Түп районунун аймагындагы кой короонун жер төлөсүнөн лаборатория табылган. Ал жерден дагаралар, газ баллондору, торчолор, кол каптар, отверткалар, скотч, кайчы жана спирттүү флакондор аныкталды.
Жалпы салмагы 17 кг 819 грамм “марихуана” жана 5 кг 920 грамм “гашиш” алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал