Түрк инвестициялык фонду Кыргызстанга 70 млн доллар бөлөт

Түрк инвестициялык фонду Кыргызстанга 70 млн доллар бөлөт

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда  «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов тааныштырды.

Анын айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларын түзөт.

Кыргызстандын үлүшү 70,0 млн АКШ долларын түзөт жана 3 жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5,0 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар Фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт.

 «Калган үлүштөр жыл сайын 18, 23 жана 24 миллион долларлык үч транш менен төлөп беришет. Фонддун иштеши Кыргызстанга ТМУ өлкөлөрүнөн да, үчүнчү өлкөлөрдөн да жеке инвестициялардын агымын стимулдаштыруу үчүн мультипликативдик эффект түзүп, чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу рынокту түзүүгө жана өлкөнүн эл аралык рейтингдерде позициясын жакшыртууга көмөктөшөт”, — деди экономика жана соода министринин орун басары.

Баяндамачы депутат Кубанычбек Самаковдун суроосуна жооп берип жатып, Башкаруу кеңешине ар бир өлкөдөн паритеттик негизде 5тен мүчө кирерин айтты. Кыргыз тараптан талапкерлер министрлер кабинети тарабынан дайындалат.

Депутаттар Айбек Осмонов менен Жылдыз Таалайбек кызы фондду инвестициялоонун артыкчылыктуу багыттарына кызыгышты.

Канатбек Абдрахманов билдиргендей, фонд өз ишин жүргүзүүдө «жашыл» экономикага өтүүнү колдоого багытталган долбоорлорго, ошондой эле ТМУга экиден кем эмес катышуучу-мамлекеттеринин бенефициарлары катышкан долбоорлорго артыкчылык берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>