Түрк инвестициялык фондунда Кыргызстандын үлүшү $70 миң болот

Түрк инвестициялык фондунда Кыргызстандын үлүшү $70 миң болот

Бүгүн, 31-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк инвестициялык фондун түзүү тууралуу макулдашуусунун долбоору каралууда. Аталган документти экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова тааныштырды.

Анын айтымында, фонддун уставдык капиталы 500 млн доллар болуп түзүлөт. Анда Кыргызстандын үлүшү 70 миң доллар болот.

«Ал каражат республикалык бюджеттин эсебинен үч жылда төлөнөт», – деди ал.

Анын айтымында, фонддун башкы башкармалыгы Кеңеш болуп саналат.

«Анын курамына ар бир өлкөдөн бирден өкүл кирет. Жыл сайын Кеңештин төрагасы кезек менен алмашат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мүчөлүк кылат. Ал эми Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу мамлекеттер болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>