Түркия Орусия жана Украинадан келген аскердик кемелерге кысыктарды жабат

Түркия Орусия жана Украинадан келген аскердик кемелерге кысыктарды жабат

Түркия Орусия жана Украинадан келген аскердик кемелер үчүн кысыктарды жабат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Кемелер негизги портторуна кайтуу керек болгондо гана өтө алышат.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинадагы атайын аскердик операцияны «согуш» деп атады.

Түрк бийлиги Босфор жана Дарданелл боюнча Монтре конвенциясынын 19-беренесин колдонот. Ага ылайык, Түркия согушуп жаткан мамлекет болбосо, анда согушуп жаткан мамлекеттердин согуштук кемелери бул кысыктардан өтө албайт. Кемелер негизги портторуна кайтуу керек болгондо гана өтө алышат.

«19-беренеде так жазылган. Башында бул Орусиянын чабуулу болчу, биз ага адистер, аскер адамдары, юристтер менен баа бердик. Эми ал согушка айланып кетти», — деди тышкы иштер министри.

Бирок конвенцияда өзгөчө жагдай бар: өз ара жардамдашуу келишими боюнча Түркия кол салуудан жапа чеккен мамлекетке жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>