Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн бир киши каза болду
28.02.2022 | 11:23
Бишкектин Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө No8 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 22:05те өрт чектөөгө алынып, саат 22:32де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 49 жаштагы К.А.нын сөөгү табылган.
Күйүп кеткен адамдын сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.
Өрттүн жалпы аянты 20 чарчы метрди түзүп, имараттын чатыры күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом