Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Түркияда Курманжан датка атындагы парк ачылат
17.09.2021 | 16:29
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар ар кандай тармактарда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле Чубук муниципалитетинде Курманжан Датка паркын ачуу жана анда анын эстелигин орнотуу боюнча мурда жетишилген макулдашууну ырасташты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом