Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясынын Яйладагы аймагынын жээгинде күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө болду.
Бул тууралуу жекшемби күнү, 19-мартта Түркия өкмөтүнө караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү башкармалыгынын (AFAD) сайтында маалымдалды.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:44тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Хатай облусунун Йайладагы районунан 95 км алыстыкта жайгашкан.
Очогу Жер Ортолук деңизинин түбүндө 7 км тереңдикте болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз