Түркиядагы кыргыздар Жапаровдон Эрдогандан мунапыс суроону суранат

15.12.2023 | 15:25

Түркияда көп жылдан бери жашаган кыргыздар мекенине депортация болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүнкү II Элдик курултайда Түркиядагы кыргыз диаспорасы өкүлү Шерипбек Акимов билдирди.

Анын айтымында, Украина-Россия чатагынан кийин Түркияда мигранттардын саны көбөйдү. Андыктан мамлекеттик органдар шарттарды катаалдап, текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Түркияда көп жылдан бери жашап, бала-чакасы ошол жакта өсүп жаткан мекендештерибизге дагы мыйзамдуу түрдө калууга уруксат болбой жатат. Ошондуктан каныбыз бир болгондуктан президенттен Режеп Эрдоган менен сүйлөшүп, кыргыздар үчүн бир жолку мунапыс суроону суранабыз”, – деди Шерипбек Акимов.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы пенсиялык чегерүүлөр боюнча келишим иштебей жатат.

“Биздин мекендештер Кыргызстанга кайтып келгенден кийин пенсиядан жок калышууда. Алар 60-65 жашта болуп, балдары чоңоюп, өздөрү калып, мамлекеттин дагы камкордугусуз калууда”, – деди Акимов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top