Делегат: Ноокат жолун асфальттоо үчүн үйлөр буздурулган, бирок жол аягына чыгарылган жок (видео)

Делегат: Ноокат жолун асфальттоо үчүн үйлөр буздурулган, бирок жол аягына чыгарылган жок (видео)

Ош – Ноокат жолуна асфальт төшөө үчүн тургундардын үйлөрү буздурулган, ал эми жолду асфальттоо иштери аягына чейин бүткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Оштун Ноокат районунан Бишкектеги Элдик курултайга делегат болуп келген Турсунали Ажыкулов билдирди.

Ал былтыркы жылы өткөн Элдик курултайда да делегат болгонун, бир катар министрлерди, анын ичинде жол жана транспорт министрин да сындаганын белгиледи.

“Былтыр жол министринин сындадым эле. Министрге көп көйгөйлөрду айткам. Азыр Ош – Ноокат жолу бүттү деп отчет берип жатышат. Жок, бул жалган сөз. Менн муну ачык айтып берем. Себеби чоң шагыл менен биринчи катмарын кылды дагы, экинчи катмарын майда шагыл менен асфальт басыш керек болчу. Экинчи катмарын жасашкан жок. Ноокаттын кире беришиндеги тургундардын үйүн буздурулуп, жол кеңейтилген. Афганистанда согуш болгон үйлөрдө да мындай эмес. Колунда бар , колунда жок адамдардын канчалаган үйлөрү бузулуп кетти. Транспорт министри же тротуарын жасаган жок, биринчи катмарын эле бүтүргөн бойдн калтырып кетти.  Депутат Жусупбек Коргонбай уулу “(министрден ред.) сиз камалганга даярсызбы”? деп сураган. Министр жооп кайтара алган жок. Жолго ошончо акчаны жумшалды. Биринчи катмары жарылып кетсе, канчалаган зыян болушу мүмкүн. Ушуга окшогон министрдин кереги бар беле?! Ага окшогон министрдин кереги жок деп ачык айтам. Жан дили менен эли-жерин сүйгөн министрлер иштеш керек”, — деди  ал.

Эскерте кетсек, Турсунали Ажыкулов былтыркы Элдик курултайда да министрлерди катуу сынга. Алардын катарында трнаспорт министри Тилек Текебаев да болгон.

Көзүңөрдү ачкыла! Делегат министрлерге ачуу сын айтты — видео

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>