Түркиядагы зилзала: Кыргызстандагы көп кабаттуу имараттар текшерилет

Түркиядагы зилзала: Кыргызстандагы көп кабаттуу имараттар текшерилет

Министрлер кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мааламатка караганда, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Мындай чечим Түркиянын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды, анын натыйжасында Кыргызстандын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө Кыргызстандын аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетине маалымат берүү тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>