Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргызстанга келетКыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттү
Түркиянын Элазыг шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат
15.05.2022 | 11:41
Түркиянын Элазыг шаарында Кыргызстандын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин шаардагы иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, Элазыгда белгилүү жазуучунун жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы өттү. 2007-жылы Чыңгыз Айтматов бул шаарга Хазар поэзия фестивалына катышуу үчүн келген.
Бул жерде маданият ишмерлеринин, жазуучулардын катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, жазуучунун эстелигин орнотуу чечими кабыл алынды.
Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын бул аймагында жашаган кыргыздар менен да жолугушту.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы