Түркмөнстанда коронавирус тууралуу ырлардын автору соттолду

Түркмөнстанда коронавирус тууралуу ырлардын автору соттолду

Коронавирус жана Түркмөнстандагы карантин тууралуу ырларын окуп, интернетке видеосун чыгарган YouTube-блогер Мурат Овезов былтыр жайында камакка алынган. Бул тууралуу turkmen.news басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, 48 жаштагы Овезов «Алдамчылык» беренеси менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок басылманын булактары бийлик чынында мындай жол менен андан социалдык түйүндөрдөгү видеолору үчүн өч алганын билдирүүдө.

Дашөгүз облусунда жашаган Мурат Овезов видеолорун YouTube’га 2020-жылы жүктөй баштаган. Ал видеолорунда башка өлкөлөрдө карантиндик чаралар сакталган күндө да миңдеген адам коронавирус жуктуруп алып жатканын, Түркмөнстанда эч кандай коопсуздук чаралары сакталбай жатканын айткан.

Акыркы кездери Түркиядагы түркмөн активисттерине жана алардын Түркмөнстандагы жакындарына басым күчөдү. Эл аралык укук коргоо уюмдары өлкөдө адам укуктары одоно бузулуп жатканы үчүн түркмөн өкмөтүн дайыма сындап келишет.

Былтыр май айынан бери Түркияда, АКШда жана Түндүк Кипрде жашаган түркмөн жарандары авторитардык президент Гурбангулы Бердымухамедовго каршы бир нече акцияларды өткөрүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>