Түркмөнстанда төлгөчүлөргө каршы рейд жүрүүдө

Түркмөнстанда төлгөчүлөргө каршы рейд жүрүүдө

Түркмөнстанда төлгөчүлөргө каршы рейддер жүрүп, алардан ишмердүүлүгүн улантуу үчүн лицензияларды алуу талап кылынууда. Бул тууралуу «Азаттык» радосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул күндөрү өлкөнүн Махтумкули жана Түркмөнбашы шаарларында укук коргоо органдары төлгөчүлөргө каршы рейддерди баштап, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Полиция кызматкерлери табыптар менен төлгөчүлөрдөн атайын мамлекеттик текшерүүдөн өтүп, ишмердүүлүктөрүн улантууга уруксат алууну талап кылып жатышат. Ошол эле маалда «Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкөдө мындай ишмердүүлүккө уруксат бере турган мамлекеттик орган жок экенин белгилөөдө.

Укук коргоо органдары төлгөчүлөр менен табыптарды «элге зыян келтирүүгө» жана «өлкө экономикасына терс таасирин тийгизүүгө» айыптап жатышат.

Түркмөнстандын мыйзамдары табыптар менен төлгөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө тыюу салбайт. Бирок 2016-жылы «Жарнама тууралуу» мыйзам кабыл алынып, табыптардын, көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана астрологдордун кызматтарын жарнамалоого тыюу салынган.

Акыркы жылдары Түркмөнстанда өкүм сүрүп жаткан экономикалык каатчылыкка байланыштуу жашоосундагы көйгөйлөрдүн чечимин табууга үмүт кылып, төлгөчүлөргө кайрылган жарандар көбөйгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>