Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Айып пул көбөйгөндөн кийин мас айдоочулардын саны азайды
03.04.2023 | 13:56
Кыргызстанда мас айдоочулардын саны 76 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Акыркы бир жума ичинде республика боюнча мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу аныкталды. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 237 мас абалында унаа башкарган айдоочулар аныкталган.
“Демек, талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 76 пайызга азайган. Анын себеби 8-марттан тартып күчүнө күчүнө кирген катаал жазалар себеп болууда”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жол эрежелерин бузуулар үчүн жоопкерчиликтин катаал шарттарына ылайык, эреже бузуулардын баардык түрү азаюуда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом