Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Түркмөнстандын жаңы президенти Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады
21.03.2022 | 10:25
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
«Байыркы замандан бери Нооруз майрамы жаратылыштын жандануусун, жашоонун салтанатын жана жаздын келишин символдоштурган. Бул майрам меймандостуктун, тынчтыктын, ынак коңшулаштыктын жана гуманизмдин бийик принциптерин өзүнө сиңирип алгандыктан, элдердин биримдигин жана достугун чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ.
Бул жаркын майрам сиздер үчүн жана сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү менен белгиленсин!» — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат