Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Түрмөгө телефон алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
02.05.2025 | 10:51
1-майда Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Зеленый поселогунда жайгашка Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19-мекемесинде соттолгон жаранга мобилдик телефон берүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, соттолгон Ч.М.С. аттуу жаранга узак мөөнөткө жолугушууга келген С.С. аттуу аял киши Redmi маркасындагы мобилдик телефонду SIM -карта менен берүүгө аракет кылган. Телефон жолугушууга алып келген жеке буюмдарды жана азык-түлүктөрдү кароо учурунда мекеменин кызматкерлери тарабынан табылган.
Аталган факты боюнча протокол түзүлүп, С.С.га 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар