Имамдар никени бекем сактоо боюнча бирдиктүү система иштеп чыгышат

Имамдар никени бекем сактоо боюнча бирдиктүү система иштеп чыгышат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Шерикбек ажы Карабеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган казыят кызматкерлери жана район-шаарлардын имам-хатибдери менен жолугушту.

Муфтияттын маалыматына караганда, жолугушууда нике журналын толтуруунун артыкчылыктары жөнүндө сөз болуп, ага байланыштуу сунуштар ортого салынды.

Шерикбек ажы жыйында никеге байланыштуу жарык көрө турган китеп тууралуу токтолду. Китеп никеге каттоону тартипке келтирүү, шарият мыйзамдарына каршы көрүнүштөр болбошу, мамлекеттик мыйзамга кайчылаш жосундар орун албашы үчүн түшүндүрмө иретинде чыгарыларын белгиледи.

Имамдар никеге каттоо, никени бекем сактоо боюнча бирдиктүү система иштеп чыгуу зарылдыгы бар экендигин айтышты. Ал эми облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков китепти даярдоодо редакциялык кеңешме топко илими, практикасы күчтүү имамдарды кошууну сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>