2024-жылы Социалдык фонддун дагы кирешеси чыгашасынан ашат

2024-жылы Социалдык фонддун дагы кирешеси чыгашасынан ашат

Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети 106 миллиард 982 миллион сомду түзөт.

Мекеменин 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоору парламентке жөнөтүлдү.

Ага ылайык фонддун чыгашасы 105 миллиард 95 миллион болот.

Профицит 1 миллиард 886 миллиондон ашат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын бюджетинде кирешеле чыгашадан ашып, 19,2 миллиард сом өлчөмүндө профицит болот. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары Минкабдын чыгашалар боюнча эсебинен шекшип, алгач социалдык маселелерди толук чечип, анан бюджетти профицит менен көрсөтүүнү сунушташты.

Алардын айтымында, айлык акы,  пенсия-пособия өлчөмү төмөн болуп, капиталдык курулуштар бүтмөйүн өлкө бюджетинин кирешеси артпайт.

“Профицитти эл сезбейт”. Депутат Минкабды реалдуу жашоого чакырды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>