Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Камактагы Фарид Ниязовго катуу оору диагнозу коюлду
26.03.2021 | 17:42
Президенттик Аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязовго Гипертония оорусунун өтө жогорку тобокелдиги, III баскыч диагнозу коюлган. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бул оору шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын СИЗОдо кармоого болбойт, анткени бул олуттуу оорулардын тизмесине киргизилген.
“Көрсөтүлгөн диагноз ушул жылдын 3-мартында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлер кеңеши тарабынан коюлган”, – деп жазган Жоошев.
Ал Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Фарид Ниязовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнүн жол-жобосун баштоону суранды.