Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Учак эмне үчүн Раззаковго жетпей калды — «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын жообу
09.07.2026 | 15:21

Бишкек — Раззаков каттамы менен бара жаткан Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы экипаж техникалык индикацияны (эскертүүчү белгини) байкагандан кийин учуп чыккан аэропортуна кайтып келди. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Компаниядан түшүндүрүшкөндөй, иштеп кеткен индикация аба кемесин өндүргөн ишкана тарабынан каралган стандарттык процедураларды аткарууну талап кылган.
«Авиакомпаниянын жана аэропорттун бардык кызматтары нормаларга так ылайык иш алып барып, толук өз ара аракеттенүүнү жана координацияны камсыздашты. Аэропорт алдын ала керектүү кызматтарды даярдыкка келтирди — бул мындай техникалык сигналдар пайда болгондогу стандарттык тажрыйба», — деп белгилешти басма сөз кызматынан.
Буга чейин аба кемеси Бишкек аэропортуна ийгиликтүү конгону маалымдалган. Конгондон кийин учакты сүйрөгүч унаанын (тягачтын) жардамы менен учак жүрүүчү тилкеден сүйрөп кетишкен.