Бишкектеги мектептердин окуу күнү кыскартылат

Бишкектеги мектептердин окуу күнү кыскартылат

Бүгүн Бишкек шаарындагы мектептерде окуу күнү кыскартылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Бала бакчалар ата-энелер менен биргеликте чечим кабыл алып, балдарды кечке чейин калтыра алышат.

Жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүү сунушталды.

17-18-февралда абанын температурасы төмөндөйт.

Маалыматка караганда:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;

Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°; күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>