УКМК Акыйкатчы институтунун кызматкерлерин Жоробековго киргизген жок

УКМК Акыйкатчы институтунун кызматкерлерин Жоробековго киргизген жок

Улуттук коопсуздук кызматы Акыйкатчы институтунун кызматкерлерин   «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробековдун акыбалы менен таанышууга киргизбей коюшту.

УКМК кызматкерлери муну Жоробековдун тергөө иштеринен бошобой жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов да Жоробековдон кабар алганы УКМКга барып, бирок ага жолуга алган эмес.

Афтандил Жоробеков 24-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан  аймак аралык касташууну козуткан делип кармалып, эки айга камакка алынган.

Жарандык коом өкүлдөрү жана Жоробековдун туугандары актвисттин кармалышын сөз эркиндигине карата кысым деп баалашууда.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары «Мен/биз Афтандил Жоробеков»  деген хештег менен ага  колдоо көрсөтүшүүдө.

Сүрөт: "Азаттык"

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>