УКМК Баткендеги өткөрмө бекеттеринде аскер кызматкерлеринин кармалышынын чоо-жайын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) Ички иликтөөлөр башкармалыгы менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарында Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, ошондой эле бажы кызматынын жана башка көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманын бетин ачты.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июлда Өзбекстан менен мамлекеттик чек арадагы «Кадамжай» жана «Чечме» көзөмөл-өткөрмө пункттарында (КӨП) тиешеси бар кызмат адамдары кармалды. Тинтүү учурунда улуттук валютада, өзбек сомунда жана АКШ долларында ири өлчөмдөгү акчалар табылып алынды.
Кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКга «Кадамжай» өткөрмө пунктунан 17 чек арачы, МБКнын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын 1 кызматкери, 1 фельдшер жана 3 карапайым жаран, ал эми «Чечме» өткөрмө пунктунан — 11 чек арачы жана МБКнын 3 кызматкери алынып келинди.
Тергөө иштери уланууда.