Кыргызстан Кытай жана Беларустан күйүүчү майдын алгачкы партияларын алып келүү боюнча макулдашты

Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, ал эми авиакеросин жана дизель майын жеткирүү боюнча алгачкы келишимдер Кытай жана Беларусь менен түзүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр Орусия, Беларусь, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, ошондой эле Европа өлкөлөрү менен да жүргүзүлүүдө.
Минкабдын төрагасынын орун басары тактагандай, Кытай алгачкы 3 миң тонна авиакеросин жеткирүү боюнча келишимди тастыктады. Мындан тышкары, дагы 5 миң тонна дизель майын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Кытайдан күйүүчү май 10 күндүн ичинде келери күтүлүүдө.
«Өлкөнү авиакеросин менен камсыз кылуу биз үчүн абдан маанилүү, анткени анын тартыштыгы аба каттамдарынын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп белгиледи биринчи вице-премьер.
Ал ошондой эле Беларусь менен 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тоннага жакын дизель майын алып келүү боюнча келишимдерге кол коюлганын кошумчалады.
«Азыркы учурда логистика татаалдашып жаткандыктан, беларус тарап транзитти уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө убада берди. Май болжол менен 15-20 күндөн кийин келери күтүлүүдө», — деди Минкабдын төрагасынын орун басары.
Амангелдиев ошондой эле Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Орусияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге кайрылып, Кыргызстанда иштеп жаткан «Газпром» жана «Роснефть» тармактарын күйүүчү май менен камсыздоого көмөктөшүүнү өтүнгөнүн билдирди.
«Орусия тарап бул компаниялар үчүн күйүүчү май жеткирилерин, ал эми Орусиянын КММ рыногундагы кырдаал эки-үч айдын ичинде турукташуусу керектигин ишендирди.
Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн мунай продуктуларын бажы алымы жок ташып келүү боюнча чечим кабыл алынды», — деди ал.
Амангелдиев белгилегендей, сүйлөшүүлөр ар кандай өндүрүүчүлөр менен жүргүзүлүүдө, анткени көптөгөн мунай иштетүүчү заводдор бир жыл алдыга жеткирүү көлөмдөрүн бөлүштүрүп коюшкан.
«Буга карабастан, өнөктөштөр бизге түшүнүү менен мамиле кылып, күйүүчү майдын белгилүү бир көлөмүн бөлүп берип жатышат», — деп кошумчалады ал.
Анара Мамытова