УКМК Бишкекте кармалган милиция кызматкерлеринин видеосун чыгарды

УКМК Бишкекте кармалган милиция кызматкерлеринин видеосун чыгарды

УКМК 24-мартта кармалган Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери боюнча видео чыгарды.

Белгилүү болгондой, буга чейин УКМК Биринчи май райондук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкер М.Ж.К. жана ыкчам кызматкер Д.А.Б. шаардагы массаж салондорунун ээлеринен опузалап акча алып жүргөнү үчүн кармалганын кабарлаган.

Андан кийин жактоочу Канат Хасанов Д.А.Б. аттуу милиция кызматкерин УКМК адашып кармап алганын жана кайра кое бергенин билдирип чыккан.

УКМК бүгүн, 30-мартта тараткан видеосунда Э.Д.Т. жана М.Ж.К. атту кызматкерлери кармалганы тууралуу айтылат. Ал эми Д.А.Б. аттуу кызматкердин иш бөлмөсүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул окуядан кийин Бишкекте милициянын жетекчилигинен бир нече адам кызматтан алынып, тартиптик жазага тартылган.

Ишкерлерден акча талап кылып келген милиционерлер кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>