Бишкекте милиция кызматкери санитардык блокпостордон өтүү боюнча уруксат кагазды сатуу үчүн акча алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Такталгандай, шектүү Октябрь райондук милициясынын кызматкери У.К. болгон.
Ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылган.
Бул факты Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-б («Пара талап кылу»у) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.