УКМК «Бүтүн Кыргызстандын» үч мүчөсүнө кылмыш ишин козгоду

УКМК «Бүтүн Кыргызстандын» үч мүчөсүнө кылмыш ишин козгоду

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактыларын аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жогорку Кеңешине кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 29 жаштагы Айпери Кулмурзаева, фракциянын катчылыгынын эксперти – 28 жаштагы Айгерим Алибаева жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы – 29 жаштагы Азамат Муратбек уулуна карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча УКМК А.Кулмурзаевага, А.Алибаевага жана А.Муратбек уулуна кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үч мүчөсү 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Айгерим Алибаева менен Азамат Муратбек уулу жасалма документтер фактысын мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Айпери Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>