УКМК: Чет элдикти сүзгөн айдоочу УКМКнын кызматкери эмес — видео

УКМК: Чет элдикти сүзгөн айдоочу УКМКнын кызматкери эмес — видео

Бишкекте Россиянын жаранын сүзүп кеткен айдоочу УКМКнын кызматкери эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, маалыматтык сайттардын бирине УКМК кызматкери делген жаран жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, андан кийин ур-тепкиге алганы тууралуу маалымат чыкан. УКМК аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

«Аталган жаран УКМКнын кызматкери эмес. Жабырлануучу тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышы зарыл. Журналисттерди күмөндүү жана такталбаган билдирүүлөргө таянбастан, жарандарга так маалымат берүүгө чакырабыз. Жаңылык чыгаруунун алдында маалыматты тактоону суранабыз. Себеби бул сыяктуу маалыматтар УКМКнын кызматкерлеринин атына көлөкө түшүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, 28-декабрда Кулатов менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө адамды сүзүп кеткен. Бүгүн, 29-декабрда айдоочу кармалып, ичимдик ичип-ичпегенин аныктоо үчүн наркологияга жеткирилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>