Лейлектен Тажикстанга уурдалып кеткен 8 бодо мал кайтарылды

Лейлектен Тажикстанга уурдалып кеткен 8 бодо мал кайтарылды

Лейлектен Тажикстанга уурдалып кеткен 8 бодо мал ээлерине кайтарылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-декабрь күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылы менен чектешкен Худжант — Канибадам унаа жолунда Лейлек РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажикстандын Гафуров РИИБдин начальниги,  милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде кыргыз тараптан уурдалып кеткен малдар кайтарылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктерди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алышты.

Кыргыз тараптын уурдалып кеткен 8 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>