Унаадан селге секирген: Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүм изделүүдөПрезидент Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун «коррупциянын символу» деп атадыБишкекте эки жер үстүндөгү жөө өтмөктүн техникалык ачылышы болдуЫсык-Көлдөгү селден бир адам каза болуп, экинчиси изделүүдөКыргызстан менен Палестинанын футбол курамалары Бишкекте эки беттеш өткөрөтБишкекте Ауэзов жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылды
УКМК: Экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды
21.09.2022 | 10:43
Эксклюзив
Мөңгүлөрдөн баштап ышка чейин: окумуштуу Кочкунбек Бакиров Кыргызстандын келечеги тууралуу
Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда ЖМ.П. аттуу жаран “Новосибирск – Ош” багыты боюнча Ош шаарынын аэропортуна учуп келгенде кармалган.
Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча иш ачылган.
“Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган. Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом